• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Замир Ракиев Өзбекстандын муфтийи дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу өзбек элине көңүл айтты

Коом 0

Бишкек, 15.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын башкы муфтийи Замир кары Ракиев Өзбекстан мусулмандарынын муфтийи Усмонхон ажы Алимовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу өзбек элине көңүл айтты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Муфтийдин көңүл айтуу телеграммасында мындай деп айтылат:

"Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Акыркы жолу телефон менен сүйлөшүп, жолугушуп, эки элдин ынтымагын бекемдөө жана Дин Башкармалыктар аралык кызматташууну, тажрыйба алмашып, достук алакаларды бекемдөөнү сүйлөштүк эле. Аттиң, кабыргам кайышып, эмне деп айтууну дагы билбей турам. Адамдык сыпаты бийик, жөнөкөйлүгүндө кеп жок инсан эле. Алла Таалам бардык үммөт үчүн жасаган асыл амалдарын, динибизге кылган кызматтарын, агартуу аракеттерин кабыл кылсын.

Кыргыз элинин атынан боордош өзбек элине, Өзбекстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешине, Өзбекстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын эмгек жамаатына, Муфтий Усмонхон ажы Алимовдун үй –бүлөсүнө, балдарына, жолдошторуна, бир туугандарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. Сабыр кылыңыздар, анткени, “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35).

Алла Таалабыз сиздерге күч-кубат берсин. Жаратканыбыз боордош өзбек элине кайраттуулукту берип, маркум муфтийибиз Усмонхон ажыны Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Жараткан Алла Тааладан тилеймин.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан үй-бүлөсүнө тууган-уруктарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз. Сабыр кылыңыздар!".

Пикир

Оставить комментарий