• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Замирбек Аскаров аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешмелерди өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров өкмөттүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын жетекчилиги менен онлайн режиминде селектордук кеңешмелерди өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жумушчу кеңешмелердин алкагында өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштер жана аймактарды өнүктүрүү маселелери тууралуу маалымдашты. Ошону менен бирге үстүбүздөгү жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн толтурууну, калктын социалдык маселелерин чечүүнү талдоого басым жасалды.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгилегендей, калктын социалдык маселелерин чечүү үчүн биринчи кезекте аймактарды туруктуу өнүктүрүп, жаңы ишканаларды ачып, жаңы жумуш орундарын түзүү керек. Ал жергиликтүү бийликтен аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган чаралар комплексин толук көлөмдө ишке ашырууну талап кылды.

«Аймактарды өнүктүрүүнүн оң тенденциялары менен катар жергиликтүү бийлик башчыларынын өзгөчө көңүл буруусун талап кылган терс факторлор бар. Бул алды менен өнөр жай көрсөткүчтөрү, аймактардын экономикасына инвестицияларды тартуу, токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү. Жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жана мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык түзүмдөрү бул багыттардагы иштерди активдештирүүлөрү зарыл. Райондордун акимдери байкоочу катары турбашы керек. Алар өздөрүнө ишенип берилген аймактарды өнүктүрүү жана жакшыландыруу үчүн жеке жоопкерчиликти тартышат», – деп белгиледи ал.

Селектордук кеңешмелердин жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууну камсыз кылуу иштерин активдештирүү, 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу сунуштарын киргизүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий