• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Замирбек Аскаров Дүйнөлүк жашыл экономика боюнча саммитке катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираты) өткөн Дүйнөлүк жашыл экономика боюнча саммиттин ишине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Замирбек Аскаров иш-чара катышуучуларына Кыргыз Республикасында жашыл экономиканын принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди жана тараптарды кызматташууга чакырды.

«Кыргыз Республикасы «жашыл экономиканын» маанилүүлүгүн түшүнөт жана өнөктөштөр менен «жашыл экономика» принциптерин мындан ары карай алга жылдыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, көйгөйлөрдү биргелешип талкуулоо, маалымат жана тажрыйба менен алмашуу боюнча натыйжалуу ишти жана диалогду колдоого алат. Биздин республика бул багытта активдүү кадамдарды кабыл алууда, Жашыл экономика кызыкчылыгы үчүн аракеттешүү өнөктөштүгү демилгесине мүчө экендиги буга далил», - деди вице-премьер-министр.

Ал маалымдагандай, 2018-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан «Кыргызстан – жашыл экономиканын өлкөсү» концепциясы кабыл алынып, анда өлкөдөгү «жашыл экономиканы» өнүктүрүүнүн келечеги жана анын зарылдыгы аныкталган.

«Бүгүнкү күнү жашыл экономикага өтүү үчүн тийиштүү мыйзамдык негиздерди түзүү боюнча иштер активдүү жүрүүдө. Ресурстарды жана энергия үнөмдөөчү өндүрүштү түзүүгө багытталган жашыл технологияларды ишке киргизүү жана колдоого алуу тажрыйбасы иликтенүүдө. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эл аралык тажрыйбага жана парламент тарабынан кабыл алынган Концепцияга ылайык, «жашыл экономикага» өтүү боюнча беш жылдык программаны иштеп чыгууда», - деди Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгилегендей, сунушталган документ адам жашоосунун сапатын, социалдык адилеттүүлүктү жогорулатууну, ресурстарды кыйла натыйжалуу пайдаланууну жана «жашыл экономикага» өтүүдө экологиялык таза технологиялар менен инновацияларды кеңири колдонууну камсыздоочу туруктуу өнүгүүгө жетишүүгө багытталган. Өкмөттүн бул багыттагы практикалык кадамдарынын бири Кыргыз Республикасынын климаттык каржылоо боюнча Борборун түзүү болуп саналат», - деп жыйынтыктады ал.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Бүткүл дүйнөлүк жашыл экономика саммитине катышуусунун алкагында Шарджа шаарынын Соода-өнөр жай палатысына барып, сунушталган товарлардын жана продукциялардын үлгүлөрү менен таанышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасындагы потенциалдык бизнес-долбоорлор тууралуу маалымдады жана кызматташууну активдештирүүгө чакырды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар келечектүү жана потенциалдуу долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн зарыл маалыматтарды бири бирине берип турууга макулдашышты.

Андан соң вице-премьер-министр Шарджа шаарынын эркин экономикалык аймагына барды жана Бизнести тейлөө борборунун ишмердиги менен таанышты. Жолугушуунун жүрүшүндө мындан аркы кызматташуу жана бул ЭЭА тажрыйбасын изилдөө тууралуу макулдашууга жетишилди.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк жашыл экономика саммитинин уюштуруучулары болуп Бүткүл дүйнөлүк жашыл экономика уюму, Бириккен Улуттар Уюмунун Түштүк-Түштүк кызматташуусу боюнча Башкармалыгы жана Дубай шаарынын Электр жана суу департаменти саналат.

Пикир

Оставить комментарий