• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Замирбек Базарбеков Ош облустук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-июнда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Ош облустук сотунда жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач төрага Ош облустук сотундагы санариптештирүү иштери менен таанышып, сот отурум залдарын, аудио жана видео жаздыруу, иштерди автоматтык бөлүштүрүү жана автоматташтырылган маалыматтык системаларынын иштешин, имараттын ички-сырткы абалы, судьялардын, аппарат кызматкерлеринин иш бөлмөлөрү жана облустук соттун архиви менен таанышып чыкты.

Замирбек Базарбеков ротацияланып келген судьялар иштерди өз мөөнөттөрүндө карап, адилеттүү, негиздүү жана мыйзамдуу чечимдерди кабыл алыш керек экендигин баса белгиледи.

“Соттор контрабанда боюнча жазык иштерди караганда өкүм же токтом чыгарганда Жазык-процесстик кодексинин 88-беренесин бузуп, баңгизат катары алынган далил буюмдар мамлекеттин пайдасына конфискация болгонбу же буюмдар ээсине кайтарылып берилгенби өкүмдө жана токтомдордо көрсөтүлбөй калган фактылар бар.

Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөргө болгон зордуктоо иштеринде дагы, жазык ишти жакшы изилдебей, Жазык жана Жазык-процессуалдык мыйзамдарды бузуу менен туура эмес токтом чыгарган учурлар дагы аныкталган. Андыктан, ар бир ишти дыкат карап, мыйзамдуу чечимдерди чыгарышыңар керек”, - деди төрага.

Белгиленгендей, Ош облустук сотуна 13 судья Бишкек шаарынан, Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарынан ротацияланып барышкан.

Пикир

Оставить комментарий