• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Замирбек Базарбеков сот тутумунун ардагерлерине күбөлүктөрдү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Кечээ, 19-апрелде КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков сот тутумунун айрым ардагерлерине Жогорку соттун төрагасынын коомдук кеңешчиси күбөлүктөрүн тапшырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Аталган күбөлүктөрдү өлкөнүн Жогорку соту менен Конституциялык соттун мурдагы төрагалары жана ардагерлери - Чолпон Баекова, Курманбек Осмонов, Жаңыл Алиева, Курманбек Жороев жана Светлана Сыдыковалар алышты.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргыз Республикасынын сот тутумунун Ардагерлер кеңешинин жыйынына катышкан.

Анда ардагерлер сот реформасын алдыга жылдырууда билим-тажрыйбалары менен жетишинче кол кабыш кылууга жана Замирбек Базарбековдун сот реформасын жүргүзүүдөгү аракетин толук колдой тургандыктарын билдиришкен.

Күбөлүктөрдү тапшырып жатып, төрага бүгүнкү күндө сот тутумунун ардагерлери ар тараптуу колдоого муктаж экенин, бул биринчи кезекте алардын системага кошкон салымы жана буга чейинки кызматтары үчүн сый-урматка арзый тургандыгын белгиледи. Төрага ошондой эле коомдук кеңешчилердин катарына республиканын жогорку сот органдарын жетектеген жана чоң тажрыйбасы бар адамдар киргендигин баса белгиледи.

“Мен бүгүнкү кесиптештериме дагы сот адилеттүүлүгүн кынтыксыз жүзөгө ашырып, ардактуу эс алууга чыкканда сиздердей болуп, башты бийик көтөрүп, эл аралап, өрнөктүү өмүр сүрүүнү каалап кетер элем. Баарыбызга белгилүү болгондой Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу оңой милдеттерден эмес. Бул милдетти аткаруу үчүн терең билим, жогорку кесипкөйлүк, бийик адамгерчилик, адилеттүүлүк, сабырдуулук жана чыдамкайлык талап кылынат. Чейрек кылымдан ашык судьялык кызматты аркалоо менен сиздер мол турмуштук жана кесиптик тажрыйба топтодуңуздар. Ошол мол тажрыйба кийинки муунга өтүп, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда жол көрсөтүп, үлгү болуп туруусу үчүн сиздер менен ар дайым тыгыз мамиледе болуп туралы деген максатты койдук”, - деп билдирди төрага.

Өз кезегинде ардагерлер Замирбек Базарбековго сот тутумунун ардагерлерине көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле, буга чейин Жогорку соттун төрагаларынын бири да мынчалык көңүл буруп, колдоо көрсөтө электигин белгилешти.

Сот тутуму өз аброюн адилеттүү чечимдери, судьялардын кынтыксыз жүрүм-туруму, жогорку кесипкөйлүгү жана жасаган жакшы иштери менен гана көтөрө алат.

“Ошондуктан баарыбыздын алдыбызда көптөгөн аракеттерди ишке ашыруу милдети турат. Бул милдеттерди ишке ашырууда бизге сиздердин кеңешиңиздер, акыл-насаатыңыздар керек болот,”- деп билдирди төрага.

Бул аракет өлкө үчүн оор мезгилде эмгектенип, сот тутумунун өнүгүшүнө жана калыптанышына салым кошкон ардагерлердин статусун жана маанисин көтөрүү максатында гана эмес, өсүп келе жаткан муундарды патриоттуулукка, улуу муунга сый-урмат көрсөтүү, элибиздин эзелтен келе жаткан каада-салттарын жана баалуулуктарын сактоо үчүн көрүлүп жаткандыгын белгилейбиз.

Пикир

Оставить комментарий