• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Замирбек Базарбеков "Укук булагы" долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 2022-жылдын 7-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков ЮСАИДдин "Укук булагы" долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку соттун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, сот системасынын көз карандысыздыгы боюнча аталган долбоордун жетекчиси Алмаз Касымбеков жана эксперт Чинара Айдарбекова катышышты.

Замирбек Базарбеков белгилегендей, Жогорку сот практикалык иш чаралар аркылуу сот бийлигин колдоого, анын көз карандысыздыгын бекемдөөгө, калктын сотторго болгон ишенимин жогорулатууга багытталган өнөктөш эл аралык уюмдар менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.

Өз кезегинде "Укук булагы" долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон Жогорку соттун жетекчилигинин долбоор менен өз ара аракеттенүүгө ачыктыгы жана даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий