• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Алмазбек Зарылбек уулу юстиция министринин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Юстиция министри Аяз Баетов Юстиция министрлигинин жамаатына күч блогун көзөмөлдөй турган министрдин орун басарын жана Ченем жаратуу жана мыйзамдардын үстөмдүгү институтунун директорун тааныштырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 26-январында юстиция министринин орун басары болуп Алмазбек Зарылбек уулу дайындалган.

Алмазбек Зарылбек уулу 1975-жылы туулган. Жогорку юридикалык билимге ээ. Буга чейин улуттук коопсуздук органдарында, Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде, Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында жана Юстиция министринин кеңешчиси орундарын ээлеген, андан кийин Юстиция министрлигинин Пробация департаментин жетектеп келген.

Пикир

Оставить комментарий