• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбек ашпозчулары Москвада эң чоң лагман жасашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Москвада 13-16-февралда өткөн Эл аралык маданият фестивалында Өзбекстандан барган ашпозчулар дүйнөдөгү эң чоң лагманды жасашты. Анын салмагы 797 килограммды түздү.

Бул тууралуу Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү комитети билдирди. Билдирүүдө лагмандын узундугу бир нече чакырым экени белгиленген.

Буга чейин эң чоң лагман 2015-жылы Алматыда жасалып, “Интеррекорд” эл аралык рекорддорду каттоо агенттигинин тизмесине кирген. Анын салмагы 687 килограмм болгон.

Үчүнчү жолу өтүп жаткан Эл аралык маданият фестивалына Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Грузия, Россия, Татарстан, Азербайжан жана Дагестандын өнөрпоздору катышты.

Пикир

Оставить комментарий