• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбек бийлиги 2018-жылы 350 миң жаңы жумуш ордун түзүүнү пландоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев "Туруктуу өнүгүүнүн улуттук максаттарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө” токтомдун долбооруна кол койду.

Документке ылайык, быйыл 350 миң туруктуу жаңы жумуш ордун түзүү каралган. Бул Өзбекстанда чакан бизнести колдоо жана жумушсуздарды кайрадан кесиптик даярдыктан өткөрүүнүн алкагында ишке ашат.

Айыл чарба жана өндүрүштө 168,2 миң киши жумуш менен камсыз болушу керек. “Жол картасын” жана инвестициялык программаларды жүзөгө ашыруунун алкагында 20 миңдей жаңы иш ордун түзүү пландалууда.

Өзбекстан бул документти жүзөгө ашыруу менен кедейликтин деңгээлин 2030-жылга карата эки эсеге төмөндөтүүнү пландоодо.

Документте 17 стратегиялык максат бар. Алардын ичинен азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө, дени сак жашоо образын камсыздоо жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулган.

Пикир

Оставить комментарий