• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбек бийлиги карантин чаралары күчөтүлө турганы жөнүндө билдирүүлөрдү четке какты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги 1-ноябрдан тартып өлкөдө карантиндик чектөөлөр күчөтүлө турганы жөнүндө билдирүүлөрдү четке какты.

«Социалдык түйүндөрдө карантиндик чектөөлөр 1-ноябрдан тартып күчөтүлөт экен деген ушактар тарап жатат. Мындай жалган маалымат таратуу менен калкты дүрбөлөңгө түшүрүүгө аракет кылгандар белгиленген тартипте жазага тартылат», - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Өзбекстанда коронавируска байланыштуу март айында киргизилген карантиндик чектөөлөр акырындык менен 15-августта алынган.

Акыркы маалыматтар боюнча өлкөдө коронавирус жуктургандар 65 480 кишиге жетти. Алардын 62 615и айыгып, 550 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий