• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбек бийлиги Орусиядагы 170 мигранттын мекенине кайтуусуна жардам берет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Москванын Троица административдик округундагы «Сахарово» айылында жайгашкан Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборундагы 170 өзбек жараны мекенине кайтарылат. Бул тууралуу Өзбекстандын Эмгек министрлиги Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Маалыматка караганда, өзбекстандыктар мекенине Чет өлкөдө иштеп жүргөн жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо фондунун эсебинен алып келинет.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, 31-октябрда эмгек министринин биринчи орун басары жетектеген Өзбекстан делегациясы Москвадагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна барып келишкен.

«Өзбекстандын делегациясы мекендештер менен сүйлөшүп, андагы шарттар менен таанышты. Аларга бул сыяктуу жайларда кармалып турган өзбек жарандарын мекенине кайтаруу боюнча Эмгек министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилди», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий