• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбек бийлиги жоюлган банктын кардарларынын акчаларын алып койду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 11.08.17. /Кабар/. Жети жыл мурда жоюлган "Алп Жамол Банктын" ондогон кардары банк эсептеринде калган акчаларын дагы деле ала албай жүрүшөт. Аты-жөнүн айтууну каалабаган Ташкенттеги жеке фирмалардын биринин ээси банктын эсебинде ондогон ишкердин миллиарддаган сум каражаты калганын билдирди.

"Алп Жамол Банкы" жоюлгандан кийин анын бардык кыймылсыз мүлктөрү, каражаттары, биздин эсептердеги акчаларыбыз мамлекетке өткөн. Жети жыл өлкөнүнө карабастан дагы деле каражатыбызды кайтарып ала албай жүрөбүз. Бул боюнча президентке да кайрылганбыз, бирок андан дагы эч кандай майнап чыккан жок", – деп билдирди ал.

2010-жылы Өзбекстандын Борбордук банкы мыйзам бузган деген жүйө менен жеке коммерциялык "Алп Жамол Банктын" лицензиясын чакыртып алган. Бул окуядан кийин банктын жетекчиси Мухиддин Асомиддинов Өзбекстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Өлкөнүн Борбордук банкынын маалыматына караганда, ишмердүүлүгүн токтотуу маалында "Алп Жамол Банктын" активдери 118 миллиард сумду же 67 миллион АКШ долларын түзүп, кардарларнын саны 115 миң ге жетип турган.

Жоюлган банктын иши менен жакшы тааныш болгонун айткан ташкенттик ишкердин айтымында, "Алп Жамол Банктын" эсебинде калган 3 миң ишкердин акчасы мамлекетке өткөн. "Менин фирмамдын банк эсебинде 80 миллион сумга жакын акча бар болчу, алар мамлекетке берилди. Бул боюнча Борбордук банкка кайрылсак, алар акчаларды мамлекетке алуу тууралуу соттун чечими бар экенин айтышты. Бул жеке ишкерлик үчүн чоң сокку болду", – деди ал.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий