• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбек чек арачылары КР жаранына ок чыгарышты. Ал ооруканадан каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 07.04.18. /Кабар/. Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын жаранына ок чыгарышкан,-деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 7-апрелде Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Мамай аймагында Өзбекстандын аскер кызматкерлери КР жараны – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Курулуш айлынын жашоочусу, 1984-жылы туулган Ф.М., карата ок чыгарышкан.

КР МЧКнын маалыматы боюнча, кыргызстандык жаран КРдин аймагында болгон жана Мамай (КР) калктуу конушуна бара жаткан.

Алган жаракаттан улам Ф.М., Кербен шаарындагы ооруканадан каза тапкан.

Аталган факты боюнча иликтөө башталды, учурда окуя болгон жерде МЧКнын тиешелүү кызматкерлери жана укук коргоо органдары иштеп жатышат.

Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызмат өкүлдөрү окуянын чоо-жайын билүү үчүн жолугушууларды өткөрүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий