• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан жарандын үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлүндү

Өкмөт 0

Бишкек, 07.04.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 2018-жылдын 7-апрелинде кыргыз-өзбек чек арасында каза тапкан М.Ф.М., аттуу жарандын үй-бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алды,-деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы

Эске сала кетсек бүгүн, 7-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Кербен бекетинин тилкесинде белгисиз себептерден өзбек чек арачылары КР жаранына ок чыгарышкан.

Өкмөт башчы өзбек тарап менен биргеликте киши өлүмүнө алып келген окуяны дыкат текшерүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий