• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбек өкмөтү бир күндө Казакстанга 490 жумушчу жөнөттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. 7-мартта каракалпакстандык 490 киши Казакстанда курулушта иштөө үчүн «Давид ота» чек ара бекети аркылуу Актау шаарына чыгып кетти. Өзбекстандын Тышкы миграция агенттиги билдиргендей, мигранттарды жумуш орундары менен камсыздоо алдын ала макулдашылган.

Жумушчуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бекер камсыздандыруу полисине жана кызмат көрсөтүү келишимине кол коюлган.

25-февралда Шавкат Мирзиёев өзбек-казак өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн эки өлкөнүн эмгек мигранттарынын ишмердүүлүгү менен алардын укугун коргоо жөнүндө келишимди бекиткен.

Документте эмгек мигранттарына маяна төлөө жана кирешелеринен салык кармоо, пенсия жана социалдык жактан камсыздоо, иш учурунда өлүп же майып болуп калган учурда компенсация төлөө маселелери жөнгө салынган.

Пикир

Оставить комментарий