• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында Жалал-Абадда пахтаны кайра иштетүү заводу ачылат

Экономика 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. "Биз соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча биргелешкен ишибизди улантууну көздөп жатабыз", - деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон жолугушууда.

Президенттин айтуусуна караганда, акыркы жылдары өз ара соодада оң динамика байкалууда.

"Ошону менен бирге биз бул жаатта бизде пайдаланылбай жаткан олуттуу потенциал бар экендигин моюнга алышыбыз керек. Буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында бүгүн биргелешкен ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүнү караштырган эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Биздин өлкөлөрдүн Вице-премьер-министрлери баш болгон ыйгарым укуктуу органдар тоо-кен тармагында, өнөр жай кооперациясында, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө, энергетикада, курулушта, инфраструктурада жалпы суммасы бир жарым миллиарддан ашык АКШ долларына биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча чоң иштер аткарылды", - деди ал.

Президент өз сөзүндө пландаштырылган долбоорлор жакынкы аралыкта толугу менен ишке ашарына ишеним билдирди.

"Албетте, инвестициялык долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн каржылоо талап кылынат. Бул багытта Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонсок болот.

Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун алкагында Жалал-Абад облусунда пахтаны кайра иштетүү, текстиль өндүрүшүн, соода-логистикалык борборлорду түзүү, анын ичинде Кызыл-Кыя шаарында, ошондой эле бир катар чакан ГЭСтерди куруу боюнча биргелешкен ишкананы каржылоонун маанилүүлүгүн белгилегим келет", - деп, Садыр Жапаров фонд өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп калат деп күтөбүз деди.

Пикир

Оставить комментарий