• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өзбек-кытай вацинасын алган өзбекстандыктар кичи ажылыкка бара алышпайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. COVID-19га каршы өзбек-кытай вакцинасы менен эмделген кишилер ажылык же умра үчүн Сауд Арабиясына бара албай жатышат.

Маалыматка караганда, өзбек-кытай биргелешкен ZF-UZ-VAC2001 вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) каттоосунан өткөн эмес жана Сауд Арабиясы аны тааныбайт.

Podrobno.uz интернет басылмасы Өзбекстан ZF-UZ-VAC2001 вакцинасынын сертификаттарын таануу боюнча Сауд Арабия бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

Санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык жана коомдук саламаттык кызматынын башчысынын орун басары Нурмат Атабеков кытай-өзбек вакцинасын каттоого алуу үчүн тиешелүү документтер ДССУга жөнөтүлгөнүн айтты.

“Эгер бул уюм аны тааныса, албетте, маселе чечилет”, – деп белгиледи ал.

Буга чейин өзбекстандыктар кичи ажылыкка (умра) баруу үчүн Сауд Арабиясында таанылган вакциналардын бири менен эмделиши керек экени айтылган. Бул – Pfizer/BioNTech (АКШ/Германия), AstraZeneca (Улуу Британия), Moderna (АКШ) жана Johnson & Johnson (АКШ) вакциналары.

Пикир

Оставить комментарий