• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбек мусулмандары битир-садакаларды Интернет аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн алышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.06.18. /Кабар/. Өзбекстанда Click компаниясы «Вакф» кайрымдуулук фондунун көмөгү менен милдеттүү жана ыктыярдуу төлөмдөрдү Интернет жана мобилдик байланыш аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн киргизди.

Ага ылайык, өзбекстандык мусулмандар каалаган учурда каалаган жерде битир-садака, зекет жана башка ыктыярдуу жана милдеттүү төлмөдөрүн жүргүзө алышат.

«Вакф» кайрымдуулук фонду Юстиция министрлигинде быйыл май айында каттоодон өткөн. Фонддун башкы максаты – мечиттерди, зыярат жайларын жана башка объектилерди каржылоо, материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана бул тармактын кызматкерлерине материалдык колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.

Исламда кайрымдуулук негизинен төрткө бөлүнөт. Биринчиси – муктаж кишилерге кайыр-садака берүү, кийинкиси – милдеттүү түрдө зекет төлөө, үчүнчүсү – муктаждарга үстөгү жок насыя берүү, акыркысы –«вакф»– колдонулбаган мал-мүлкүн, айрыкча кыймылсыз мүлкүн кайрымдуулукка жумшоо.

Пикир

Оставить комментарий