• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбек музейлеринде сакталган сүрөттөрдүн алгачкы виртуалдык каталогу түзүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.08.18. /Кабар/. Музейлердеги уникалдуу сүрөттөрдүн жоголуп кетишин алдын алуу максатында Өзбекстандын тарыхында алгачкы жолу «Музейлердин ачык каталогу» түзүлдү. Бул иш Батыш өлкөлөрүндө жашаган искусство таануучулардын жана активисттердин жардамы менен аткарылды.

Кеңсеси Швейцарияда жайгашкан Alerte Héritage уюмунун башкы катчысы, искусство таануучу Светлана Горшенинанын айтымында, каталогго Өзбекстандын музейлеринде, анын ичинде Нукустагы Мамлекеттик искусство музейинде сакталган 900 сүрөт кирди.

«Бул каталог эки искусство таануучу жана бир программист тарабынан түзүлдү. Буга чейин Өзбекстандын Маданият министрлиги эмнеге муну өтө оор жана чоң ресурсту талап кылган иш деп атап, ушуга чейин ишке ашырбай келгендиги түшүнүксүз болууда. Эгер каталогду мамлекеттик органдар түзгөндө, мындан көп убакыт жана көбүрөөк акча жумшалмак», – деди Светлана Горшенина.

Анын айтымында, Александр Шевченконун өзбек Мамлекеттик искусство музейиндеги "Чака көтөргөн аял" деген эмгеги суу тийип зыянга учураганына карабастан, активисттер аны Alerte Héritage уюмундагы сапаттуу көчүрмөсүнүн жардамы менен реставрация кылышкан.

Ташкенттик архитектор Абдумалик Турдиев бийлик «коррупциялык иштерди жасоо үчүн» сүрөттөрдүн каталогун түзүүдөн баш тартып келген деп эсептейт.

«Алардын максаты – уурдоо. Ар бир музей же миллиардер өз коллекциясында Айвазовскийдин сүрөтү болсо дейт. Айвазовскийдин «Талаадагы күндүн батышы» деген сүрөтү өзбек музейинен 2001-жылы уурдалган. Мен жогорку кызматтагы өзбек чиновниктеринин үйлөрүндө архитектуралык дизайн менен алектенип жүргөнүмдө айрым баалуу сүрөттөрдү көрүп таң калгам. Премьер-министрдин мурдагы орун басары Исмаил Журабековдун үйүнөн сейрек кездешкен эмгектердин чоң коллекциясын өз көзүм менен көргөм. 2001-жылдан кийин музейлерде сакталган баалуу сүрөттөргө Гүлнара Каримова дагы кызыга баштаган», – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий