• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбек парламентинин спикери Рогун ГЭСинин курулушун кубаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Өзбекстан Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуу учурунда Рогун ГЭСинин биринчи агрегатынын ишке берилишине суктанганын билдирди:

– Бул окуя (Рогун ГЭСинин биринчи агрегатын ишке берүү) Тажикстандын жаңы тарыхында жазылып калат. Ал эми бул долбоорду ишке ашыруу – Тажикстан эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагындагы элдер үчүн дагы маанилүү”.

Эмомали Рахмон 20-ноябрда Тажикстанга расмий сапар менен келген Нурдинжон Исмоиловду кабыл алган.

Өзбекстандын мурдагы өкмөтү Вахш дарыясына гидроэлектр станция курууга караманча каршы болгон. Ташкент Рогун долбооруна колдоо көрсөтпөй турганын бир нече ирет билдирген.

Рогун ГЭСинин биринчи агрегатынын ишке берүү аземи 16-ноябрда болду. Ага чет мамлекеттердин, анын ичинде CASA-1000 долбооруна катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, дипломаттар жана журналисттер катышты.

Толук курулуп бүткөндө Рогун ГЭСи Борбор Азия аймагындагы эң ири гидроэлектр станция болуп калат. Анын курулушу өткөн кылымдын 70-жылдарынын аягында башталып, Тажикстан эгемендүүлүк алгандан кийин токтоп калган.

​Рогун ГЭСи ар бири 600 мегаватты түзгөн алты агрегаттан турат. Анын экинчи агрегаты кийинки жылы апрелде ишке берилиши күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий