• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбек спортунун легендасы, баскетболчу Равиля Салимова каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. 3-июлда өзбек спортунун легендасы, эмгек сиңирген спорт чебери, баскетболчу Равиля Салимова 77 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Мурдагы ССР өлкөлөрүнөн тышкары дүйнөнүн башка көптөгөн клубдарына чакыруулар болгонуна карабастан, ал Ташкенттин «Мехнат» жана СКИФ командаларында калган. Профессионалдык спорттон кеткенден кийин ал балдар жана өспүрүмдөрдү тарбиялап, алар менен тажрыйбасын бөлүшүп келген», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Равиля Салимова кезинде Советтер Союзунун курама командасы менен эки жолу дүйнөнүн жана төрт жолу Европанын чемпиону болгон. Мындан тышкары Бүткүл дүйнөлүк универсиадада эки жолу алтын медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий