• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбек сумунун графикалык белгиси тандалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Өзбекстандын улуттук валютасы – сум 30 жылдан кийин өзүнүн графикалык белгисине ээ болду.

Маалыматка караганда, белгини тандоо боюнча сынакка жалпысынан 17 миңден ашык чыгармачылык долбоор катышып, алгачкы этабында алардын 508и тандалып алынган.

"Кийинки этабында авторлору жашырылган эмгектер тандоонун талаптары боюнча текшерилип, жыйынтыгында 54ү калыстардын назарына коюлган", – деп жазылган расмий билдирүүдө.

Улуттук банктын, Интеллектуалдык менчик агенттигинин, Улуттук искусство жана дизайн институнунун өкүлдөрүнөн турган калыстар "сумдун белгисин" оригиналдуулугу, универсалдуулугу, оңой таанылуусу, символикалык жана өзгөчөлөнгөн белгилери, жазуудагы жеңилдиги сыяктуу критерийлер боюнча тандашкан.

Жыйынтыгында Сарвар Жумагалдиев иштеп чыккан эмгек "сумдун белгиси" деп табылды.

Өзбекстандын Улуттук банкы улуттук валютанын графикалык белгисин түзүү боюнча сынакты быйыл 8-февралдан 31-мартка чейин жүргүзгөн.

Буга чейин өзбек сумунун өз белгиси болгон эмес. Бүгүнкү күндө казак теңгеси (₸), кыргыз сому (⊆) жана орус рубли (₽) өз белгилерине ээ. Учурда дүйнөдөгү эң популярдуу валюталык белги доллар менен евронун белгилери эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий