• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбек тарап «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун айрым тилкелерин долбоорлоого жана курууга катышууга даяр

Саясат 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Өзбек тарап «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун айрым тилкелерин долбоорлоого жана курууга катышууга, ошондой эле долбоордун техника-экономикалык негиздемесинин даярдыгы деңгээли боюнча кошо каржылоо маселесин кароого даяр. Бул туурасында Ташкент шаарында өткөн Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңейтилген кеңешмесинде белгилүү болду.

Тараптардын темир жол администрацияларынын сунуштары боюнча тараптар өз-ара пайдалуу негизде тарифтик жеңилдетүүлөрдү сунуштоо жолу менен темир жол транспорттук ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү макулдашты.

Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева билдиргендей, эки тараптуу кызматташтык алкагында транспорттук өз-ара аракеттешүү боюнча бардык маселелерде активдүү аракеттешүү пландаштырылууда.

Атап айтканда, жайкы туристтик сезонго карай Ташкент шаарынан Ысык-Көл облусуна автобустук каттам киргизүү маселеси иштелүүдө, ошондой эле тараптар Ташкент-Балыкчы, Ташкент-Тамчы-Ташкент темир жол жана авиакаттамдары боюнча сезондук маршруттарды жандандырат.

Буга катар тараптар автоунаа ташуулары жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча транспорттук ведомстволордун өз-ара конструктивдүү аракеттешүүсүн белгиледи жана 2021-жылга карата үчүнчү өлкөгө/өлкөдөн уруксаат берүү бланкаларын кошумча алмашууну эске алуу менен алмашуу квотасын 2 миң даана көлөмүндө орнотууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий