• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбек-тажик чек арасындагы «Каримовдун дубалы» бузулду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.02.18. /Кабар/. 18-февралда Тажикстандын Согди облусу менен Өзбекстандын Самарканд облусун бириктирген «Саразм-Жартеп» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги чоң дубал бузулду. Ал калк арасында «Каримовдун дубалы» деген аталыш менен белгилүү.

Дубал эки өлкөнүн чек ара делегацияларынын катышуусунда бузулду. Тажикстандыктар «Ислам Каримовдун дубалы» деп атап коюшкан тосмо 2010-жылы өзбек бийлигигин демилгеси менен курулган. Анын бийиктиги 3, туурасы 10 метр.

Тажик бийлиги аталган көзөмөл-өткөрмө бекетте терминал, мейманкана жана унаа токтотуу жайлары курула турганын билдирди.

Маалыматка караганда, «Саразм-Жартеп» өткөрмө бекетинин өзүн кийинки айдын ортосунда ачуу пландалууда. Ага Өзбекстандын делегациясы катышат деп күтүлүүдө.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий