• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбек жараны Кыргызстанга унаанын багажында өтүүгө аракет кылган

Коом 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. Өзбекстандын жараны Кыргызстанга унаанын багажында өтүүгө аракет кылган,-деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 6-майында Баткен облусундагы “Ак-Кыя-унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө жайында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган ӨРнын жараны кармалган.

“Кыргызстандын 1987-жылкы К.А., аттуу жаранына таандык “Hyundai Starex” үлгүсүндөгү унааны текшерүү маалында багаждан Өзбекстандын жараны табылган. Ал Өзбекстандан Кыргызстанга өтүүгө аракет кылган. Сурамжылоо маалында анын жанында тиешелүү документтери жок болуп чыккан”,-деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү документтер чогултулган соң, кармалган КР менен ӨРнын жарандары КР УКМКнын тиешелүү аймактык бөлүм кызматкерлерине өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий