• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Өзбек жолборстору" AIBA бокс боюнча турнирине катышуудан баш тартышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.01.19 /Кабар/. “Өзбек жолборстору” 2019- жылы өтө турган Гафур Рахимов жетектеген Бүткүл дүйнөлүк AIBA бокс мелдештерине катышуудан баш тартышты. Казакстандык басылмалардын билдиришинче, команда жоюлду, каржылоо токтотулду.

Команда машыктыруучуларынын бири Зиёиддин Туйганбаевдин айтымында, мушкерлер 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына ийгиликтүү түрдө тандалуу жана катышуу үчүн ушундай чечим кабыл алышкан. 2019-жылы Өзбекстан курамасы катыша турган алгачкы турнир 13-17-февралда Болгариянын София шаарында өтөт.

“Өзбек жолборстору” Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларына биринчи жолу 2016-жылы катышышкан. Анда мушкерлер коло медалды жеңип алышкан. 2017-жыл декабрда командадан Муроджон Ахмадалиев менен Шахрам Гиясов чыгып кеткен.

The World Series Boxing (WSB) – Бүткүл дүйнөлүк бокс сериялары 2008-жылы Бүткүл дүйнөлүк ышкыбоздор бокс ассоциациясы (AIBA) тарабынан негизделген. Бул AIBA камкордугу алдында өткөн эң ири жана кадыр барктуу мелдештердин бири.

2018-жылы ноябрда Гафур Рахимов AIBA президенти болуп шайланган. Бул Эл аралык Олимпиада комитетинин тынчсыздануусун жана нааразычылыгын жараткан.

Пикир

Оставить комментарий