• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбек журналисти Бобомурод Абдуллаевдин иши боюнча дагы үч киши кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.10.17 /Кабар/. Акыркы он күндүн ичинде ташкенттик журналист Бобомурод Абдуллаевдин иши боюнча ондогон адам суракка алынып, үч киши кармалды. 9-сентябрда өлкөнүн Илимдер академиясынын Кол жазмалар институтунун изилдөөчүсү Акром Маликов журналист менен беттештирүү үчүн Улуттук коопсуздук кызматына жеткирилген.

44 жаштагы Абдуллаев «бийликти басып алуу максатында кутум уюштурууга даярданган» жана «Өзбекстанда революция жасоону пландаган» деген шек менен кармалган.

Акром Маликовдун туугандары атайын кызмат өкүлдөрү изилдөөчүнү өткөн жылы 22-июлда эле кармашканын, бирок ага кандай айыптар тагылганын айтпай келгендиктерин билдиришти. «Ушуга чейин ал жакында эркиндикке чыгат деп бизди алдап келишкен. Эми аны оор кылмыш кылган деп айыптап жатышат. Биз бул боюнча унчукпай коё албайбыз», – деди Маликовдун туугандарынын бири.

Акром Маликовго жакын адамдардын айтымында, ал макалаларын каймана ат менен интернетке чыгара баштагандан кийин кармалган. Аларда изилдөөчү Өзбекстандын жетекчилигин жана мамлекеттик башкаруу ыкмаларын сындаган.

1-октябрда Ташкенттин Юнусабад райондук соту Бобомурод Абдуллаевдин камакка алынгандыгы тууралуу аныктама чыгарган. Анда өлкөнүн Равшанбек Салаев жана Шавкатжон Оллоеров аттуу жарандары «Усман Хакназар» деген каймана ат менен макала жазган Абдуллаевге маалыматтарды берип тургандыктары айтылган.

Өлкө шоу-бизнесинде таасирдүү адам эсептелген Равшанбек Салаев маалыматтардын бийликти мыйзамсыз басып алуу үчүн колдонуларын билип туруп журналистке берип турган деп айыпталууда.

Соттун аныктамасында шаардагы ири ресторандардын ээси Шавкатжон Оллоеров мамлекеттик жетекчилер, ири ишкерлер жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен байланышып турганы жазылган.

Пикир

Оставить комментарий