• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзбекстан: 15-апрелден тартып картошка тартыштыгы болбойт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Өзбекстан Айыл чарба министрлиги 15-апрелден тартып өлкөдө картошка тартыш болбой турганын билдирди.

Маалыматка караганда, жакынкы күндөрү базарларга жергиликтүү фермерлер өстүргөн картошкалар чыга баштайт.

«Адатта март-апрель айларында картошка тартыштыгы (45-50 миң тонна) болот. Бул маалда ички суроо-талап запастагы жана чет өлкөдөн келген продукциянын эсебинен камсыздалып келген», – деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтин маалыматында, 2019-2020-жылдардын кыш жана жаз маалы үчүн 181 миң тонна картошка камдалган, ушул тапта 133 миң тоннасы сатылды.

Белгилей кетсек, 30-мартта Өзбекстан базарларында картошканын баасы 3,5 миң сумдан 7 миң сумга (0, 73 доллар) чейин кымбаттап кеткен.

Пикир

Оставить комментарий