• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

20 жакын өзбек интеллигенция өкүлү орус тилине расмий макам берүүнү сунушташты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 06.05.19 /Кабар/. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Өзбекстанга сапары алдында 20 жакын өзбек интеллигенция өкүлү орус тилине расмий тил макамын берүүнү сунушташты.

Арасында Өзбекстандын эл артисттери, белгилүү сүрөтчүлөрү жана кинематографисттери бар топтун бул сунушу орус пропагандасынын бир бөлүгү катары эсептелген интернет басылмаларга жарыяланды.

Маалыматка караганда, мындай сунуш Россиянын «Россотрудничество» агенттигинин каржылык колдоосу менен иш жүргүзгөн Ташкенттеги орус маданий борборунун 25 жылдыгына арналган иш-чара маалында талкууланган.

Көптөгөн жылдар бою Өзбекстан президентинин басма сөз катчысы болуп иштеген белгилүү жазуучусу Мурод Мухаммад Дуст орус тилине расмий тил макамын берүү сунушу «жогору жактан» чыккан болушу мүмкүн деген божомолун билдирди.

Ошол эле маалда өз эмгектерин эл аралык көргөзмөлөргө коюп келген өзбек сүрөтчүсү Вячеслав Ахунов мындай демилге көтөргөн интеллигенция өкүлдөрүн «колониалдык ой-жүгүрткөн адамдар» деп атады.

Өзбек ССРинин Жогорку кеңеши өзбек тилине мамлекеттик тил макамын берүү тууралуу мыйзамды 1989-жылы 21-октябрда кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий