• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан 2026-жылга карата өзүнүн ички энергошакекчесин курат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Өзбекстан 500-750 кВ чыңалуудагы түйүндөрдү куруу менен ички бирдиктүү шакекче системасын түзүүнү пландоодо.

Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 30-январда жаштар, спорт, билим берүү жана энергетика тармагындагы долбоорлордун бет ачары менен таанышуу учурунда билдирди.

Өзбекстан президенти 2026-жылга карата электр энергиясынын жалпы кубаттуулугун 27 400 мегаваттка жеткирүү жана жылына 110 миллиард киловатт-саат өндүрүү пландалып жатканын айтты.

"Ошондо өлкөнүн бардык аймактары 500-750 киловатт түйүндөргө бекем кошулуу менен бирдиктүү система түзүлөт", – деди Шавкат Мирзиёев.

25-январь күнү түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда электр энергиясы жапырт өчкөн.

Казакстандык KEGOC электр түйүндө оператору Сырдарыя жылуулук электр станциясындагы авария – энергетикалык шакекчени үзгүлтүккө учуратканын кабарлаган.

Учурда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан дале болсо бир энергошакекчеде турат. Ал 500 кВ жана 220 кВ линиялары аркылуу иштөөдө. Мындан сырткары, ар бир өлкө өз алдынча энергошакекчелерди түзгөн.

Кыргызстанда бул иш 2015-жылы гана "Датка-Кемин" электр линиясынын бүткөрүлүшү менен камсыз болгон. Бирок Борбор Азиядагы энергошакекче ар кыл авариялык абалдын алдын алуу жана электр энергиянын алыш-беришин камсыз кылуу үчүн колдонулат. Адистердин айтымында, мындай бирдиктүү система электр жарыгындагы жоготууларды азайтып, коопсуздукту камсыздайт.

Пикир

Оставить комментарий