• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Өзбекстан 24» телеканалы ачылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26-июль /Кабар/. Өзбекстанда 24-июлдан тарта күнү-түнү иштеген «O‘zbekiston 24» («Өзбекстан 24») деп аталган жаңы маалыматтык-аналитикалык телерадиоканал берүүлөрүн баштады. Ал буга чейин жабылган Diyor телеканалынын жыштыгында жеткиликтүү болот.

Жергиликтүү ММКлардын билдирүүсү боюнча жаңы телеканал эфирин Өзбекстандын мамлекеттик гимни менен баштап, андан соң каналдын жамааты өзбек, орус жана англис тилдеринде көрүүчүлөр менен учурашты.

Эфирдин алгачкы сааттарында каналдын жашоосу тууралуу кадрлар, белгилүү адамдардын, анын ичинде орусиялык кардиохирург Лео Бокериянын, Индия менен Казакстандын элчилеринин, спортчулардын, окумуштуулардын, журналисттердин жана катардагы көрүүчүлөрдүн куттуктоолору көрсөтүлдү.

Көрүүчүлөр менен учурашып жаткан кызматкерлер телеберүү Өзбекстанда жаралганын белгилешип, өлкөдөгү ири өзгөрүүлөрдү көрсөтүү менен «ойгонууга» мезгил келгенин билдиришти.

«Өзбекстан 24» телеканалынын эфирге чыгышы 24-июлда 60 жашка толгон өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин туулган күнүнө туш келди. Учурда каналдын 251 кызматкери бар, алардын көбү көрүүчүлөргө Улуттук телерадиоберүү компаниясынын башка каналдарындагы иштери менен белгилүү. Канал келечекте чет өлкөлөрдө кабарчылар бөлүмдөрүн ачууну пландап жатат.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий