• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан айыл-чарба өсүмдүктөрүн жайы-кышы өстүрүүгө өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.09.17 /Кабар/. Быйылтан тарта Өзбекстанда түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн жайы-кышы өстүрүү практикасы киргизилүүдө. Бул тууралуу II эл аралык жашылча-жемиш жарманкесинин ачылышында өлкөнүн айыл жана суу чарба министри Зойир Мирзаев билдирди.

Анын айтымында, бул чечим – жашылча-жемиштерди экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү жана өлкө ичинде аларга болгон муктаждыктарды жоюу боюнча өкмөттүн пландарына байланыштуу.

«Президенттин демилгеси менен быйыл буудайдын түшүмү жыйналгандан кийин болжол менен бир миллион гектар жерге жашылча-жемиштин бир катар түрү эгилди. Алардын 40% ашыгы буурчак өсүмдүктөрү. Андан тышкары күзүндө өлкөнүн түштүк аймактарында картошка, сабиз жана кызылча өстүрүүнү пландап жатабыз. Мындай аракеттер Өзбекстанда алгачкы жолу көрүлүүдө. Албетте, биз үчүн бул тобокелчилик, бирок азыр мониторинг кылып, адистер менен окумуштуулардын пикирлерин топтоп жатабыз. Азырынча алардын божомолдору жакшы», – деди Мирзаев.

Ал ошондой эле учурда Өзбекстанда жылына 20 миллион тоннага жакын жашылча-жемиш өстүрүлүп, бир миллион тоннадан ашыгы экспорттолорун кошумчалады. Айтымында, жыл өткөн сайын экспорттун географиясы кеңейүүдө жана бүгүнкү күндө Өзбекстан дүйнөнүн 80 өлкөсү менен экспорттук байланышка ээ.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий