• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан Алишер Навоинин уникалдуу кол жазмаларын алат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.03.18 /Кабар/. Өзбекстан быйыл Алишер Навоинин Улуу Британия, Франция жана Орусия китепканаларында сакталган кол жазмаларынын так өзүндөй көчүрмөлөрүн басып чыгарууга ниеттенүүдө.

Бул иш “Дүйнө чыгармаларындагы Өзбекстандын маданий мурастары” долбоорунун алкагында жасалат.

Мындан тышкары Кастилия королдугунун элчиси Руи Гонсалес де Клавихонун «Темур сарайындагы элчилик», «Зафарнаме» манускрипти, Катта Лангар Кураны, Хусейн Байкар диванасы, «Темур Тузуклари» жыйнактары, Ибин Синанын китептери санариптештирилет. Бул эмгектер учурда Улуу Британия, Орусия жана Испания китепканаларында сакталууда

Маалыматтарга караганда, быйыл Улуу Британия, Орусия, Германия, АКШ, Түркия, Чехия, Франция жана Жапония музейлеринде сакталган Өзбекстандын маданий мурастарына байланыштуу 20 томтон турган китеп-альбом басылып чыгат.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий