• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан алтын сатууну кайрадан токтотту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Өзбекстан кайрадан алтын сатууну токтотту. Бул тууралуу өлкөнүн Статистика боюнча комитети билдирди.

Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы түшүп кеткенине байланыштуу 2020-жылы Өзбекстан аталган баалуу металды экспорттоону токтоткон. Быйыл май айында алтындын унцийи 1900 доллардан ашкан. Мындан соң Өзбекстан алтындын экспортун жандандырган.

Ушул тапта алтындын бир унцийи 1782 долларды түзүүдө. Буга байланыштуу Өзбекстандын Борбордук банкы алтын сатууну кайрадан токтотту.

2021-жылдын 1-августуна карата Өзбекстандын резервдик активи 3,1 млрд долларды түзүп, бир ай ичинде 965 млн долларга көбөйгөн.

Резервде алтындын үлүшү – 21,5 млрд доллар. Бул 367 тонна алтынга тете. Республиканын резервинде 332,8 тонна алтын топтолду. Резервдеги алтын 9,3 тоннага көбөйдү.

Пикир

Оставить комментарий