• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өзбекстан англис тилин "өтө төмөн" билген өлкөлөрдүн катарында калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.11.21./Кабар/. EF English Proficiency Index уюмунун англис тилин билүү боюнча рейтингинде Өзбекстан 122 өлкөнүн ичинен 88-орунга жайгашты. Бул соңку жылдары өлкөнүн англис тилин билүү деңгээли өзгөрүлбөгөнүнөн кабар берет.

Рейтингге ылайык, Албания менен Сириянын ортосунда жайгашкан Өзбекстан англис тилин билүү боюнча эң төмөнкү позициядагы өлкөлөрдүн катарында калды.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 96, Кыргызстан 101, Тажикстан 103-орунда турат. Түркмөнстан рейтингге кирген эмес.

Рейтинг беш категорияга (“өтө жогору”, “жогору”, “орто”, “төмөн”, “өтө төмөн”) бөлүнгөн.

Тизменин башында Нидерланды, Австрия, Дания, Сингапур жана Норвегия турса, аягында Ливия, Руанда, Конго, Түштүк Судан жана Йемен жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий