• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстан аскердик техникаларды өндүрүүнү пландоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Ташкент облусунун Нурафшан шаарындагы аскердик жана атайын техникаларды өндүрүү долбоору президент Шавкат Мирзиёевге көрсөтүлдү.

Жергиликтүү бийлик маалымдагандай, долбоор 55 миллион долларга бааланууда.

Өзбекстандын Улуттук банкы 39 миллион доллар, "Nurafshon-Maxsus-Texnika" компаниясы 16 миллион доллар бөлөт. Өндүрүштү Krantas Group менен Туйтепа металлоконструкция заводу колго алат.

Маалыматка караганда, бул жерде биринчи айлампада (2021-жылы) Tarlon жана Shield аталышындагы жеңил түрдө чопкутталган 100 автоунаа чыгарылат. Экинчи айлампада (2022-жылдан баштап) 200 бензовоз, 300 сүйрөөчү трактор, 500 жүк ташуучу унаа, 400 таштанды чыгаруучу унаа, 100 кар тазалоочу унаа жана 20 өрт өчүрүүчү унаа өндүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий