• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстан атайын кызмат башчысы: үйү түрттүрүлгөндөр компенсация алат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Өзбекстан мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов Кашкадарыя облусунун Яккабаг районуна барды. Буга чейин аймакта акимдин орун басары ишкердин кыймылсыз мүлкүн түрттүрүү учурунда өрттөлгөн.

Маалыматтарга караганда, атайын кызматтын башчысы Эски Якаббог айлына барып, бизнесмендин дүкөнүн түрттүрүүгө аракет жасаган акимдин орун басарын жана аткаминерлерди сынга алган.

Ал бийликтин өзүм билемдигинен жабыыркаган 34 жарандын арызын угуп, аларга 1 миллиард 700 миллион сум (200 миң доллар) төлөнөрүн убада кылды.

27-июлда премьер-министр Абдулла Арипов Өзбекстандын батышындагы Хорезм облусунун Ургенч районунун жашоочулары менен жолугушкан. Турак-жайлары түрттүрүлгөн жергиликтүү тургундар компенсация ала албай, каршылык иретинде 26-июлда Ургенч-Хазорасп автожолун торошкон. Аларга түрттүрүлгөн кыймылсыз-мүлктөрү үчүн компенсация төлөнө баштаганы айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий