• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан бүгүнтөн тартып эл аралык аба каттамдарын жандантат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда бүгүнтөн тартып санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу болгон өлкөлөр менен аба байланышы жанданат. Мындай чечимди Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия кабыл алды.

Чечимге ылайык, абал туруктуу өлкөлөрдөн Өзбекстанга төмөнкү адамдардын кирип-чыгуусуна уруксат берилет:

  • чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен консулдук мекемелердин кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
  • Өзбекстанда инвестиялык долбоорлордун алкагында иштеген чет өлкөлүк компаниялардын адистери;
  • дарылана турган жарандар;
  • чет өлкөлөрдө катуу ооруп жаткан жакын туугандары бар адамдар;
  • башка өлкөлөргө Өзбекстан аркылуу транзит менен учуп бараткан адамдар;
  • Өзбекстанда каттоого турган жарандар, жарандыгы жок адамдар жана башка өлкөлөрдө каттоосу бар Өзбекстандын жарандары.

Ошол эле маалда Өзбекстандан башка өлкөлөргө окуу жана иштөө максатында учуп кетсе болот.

Жаңы эрежеге ылайык, Япония, Түштүк Корея жана Кытайдан учуп келген жарандар карантинге алынбайт. Европа биримдигинен, Малайзия, Таиланд жана Сингапурдан келген адамдар 14 күн үй карантининде болушу шарт. Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Иран, Афганистан, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген жарандар милдеттүү түрдө 14 күнгө карантинге жаткырылат.

Мындан тышкары жүргүнчүлөр Өзбекстанга келгенге чейин көрсөтүлгөн өлкөдө кеминде 14 күн болушу керек деген талап бар.

Пикир

Оставить комментарий