• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан баалуу куймаларды өлкөдөн чектөөсүз алып чыгууга уруксат берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Өзбекстан жеке жактарга Борбордук банктын баалуу куймалары менен тыйындарын чектөөсүз чет өлкөлөргө алып чыгууга уруксат берди. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев 27-сентябрда кол койду.

«Баалуу металлдардын сатылышын көзөмөлдөөнү жакшыртуу чаралары тууралуу» жарлыкка ылайык, жеке жактар Өзбекстан Борбордук банкынын баалуу металлдардан жасалган чендүү куймалары менен тыйындарын чектөөсүз чыгарып кете алышат. Бул үчүн Борбордук банктын, Каржы министрлигинин жана Мамлекеттик бажы комитетинин тиешелүү маалымкаты болушу шарт.

Ошол эле маалда куймалар менен тыйындардын саны мыйзамда белгиленген нормадан көп болсо, бажы декларациясын толтуруу керек болот.

Мындан тышкары жарлыкта Борбордук банкка караштуу Баалуу металлдар боюнча агенттикти жоюп, анын ордуна Баалуу металлдарды сактоо жана алар менен иштешүү боюнча кызмат түзүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий