• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзбекстан банктары автонасыя берүүнү токтотту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. “Асака банкынын” өкүлү “Азаттыктын” өзбек кызматына кабарлагандай, Борбордук банктын көрсөтмөсү менен өткөн аптадан тарта автонасыяларды берүү токтотулду.

GM Uzbekistan жетекчилигине жакын булак билдиргендей, июлдан тарта компания Асакадагы автомобиль заводу менен биргеликте жеңилдетилген насыя аркылуу автоунаа сатууга макулдашкан.

"Бирок насыя берүү болгону беш күнгө созулду. Бул кыска мөөнөттө аз гана киши насыяга унаа алды. Дагы бир нече миң киши кезекте турган. Бирок өткөн аптанын соңунда Борбордук банктын оозеки көрсөтмөсү менен бардык банктар насыя берүүнү токтотту. Бул өзбек авто өндүрүшүнө өтө олуттуу сокку урду", – деди ал.

Насыя алгандардын бири автоунааны анын жалпы наркынын 25 пайызын төлөп алган. “Насыяны үч жыл ичинде төлөп бүтүү керек. Жылдык үстөгү – 18% пайыз”-, деди ал.

Каржы тармагында иштеген аткаминерлердин биринин айтымында, учурда өзбек банктары карыз берүүгө кудуреттүү эмес. Ал банктардын абалы жакшырган соң автоунаа үчүн насыя берүү жанданашы мүмкүн экенин билдирди.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий