• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстан Баткен облусуна 2 тез жардам унаасын тапшырды

Аймак 0

Ош, 15.02.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Өзбекстандын Фергана облусу Баткен облусуна эки тез жардам унаасын тапшырды. Унааларды тапшыруу аземи бүгүн “Кадамжай” пунктунда болду.

Иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев, Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, аксакалдар жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Баткен облусунун өкүлү Өзбекстандык коллегасына ыраазычылык билдирип, эки делегат тең бири-бирине улуттук кийимдерди белек кылышты.

Тез жардам унаасынын бирин Баткен шаарынын жашоочуларын тейлегенге, экинчисин Кадамжай районунун Жаңы-Жер айылындагы жалпы дарыгерлер борборуна жөнөтүшөт.

Пикир

Оставить комментарий