• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстан бийлиги чет элдик стажировкаларга 42 млрд сум бөлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 3-август /Кабар/. Квалификацияны жогорулатуу жана педагогикалык, илимий кадрлардын өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүү жана илим мекемелеринде чет элдик стажировкалары үчүн 42 млрд сум бөлөрүн Podrobno.uz. жазат.

Маалымат боюнча, бул тууралуу эл аралык пресс-клубдун жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын квалификацияны жогорулатуу жана стажировкалар жана стипендианттарды окутуу боюнча "Истеъдод" президенттин фондунун директору Абдунаби Пардаев билдирген. Анын айтымында, акыркы 14 жылда фонд бул багытта 12 млрд сум бөлгөн.

Пардаев квалификациялуу кадрларды даярдоо өзгөчө роль ойной турганын белгилеген. Чет өлкөлөргө стажировкалар билим берүү мекемелеринде гана эмес, илимий борборлордо жана ири компанияларда дагы өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, өткөн жумада президент Шавкат Мирзиёев "Истеъдод" фондунун ишмердигин кайра түзүү тууралуу буйрукка кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий