• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өзбекстан бир гана БА географиялык борбору болбостон, экономикалык жана соода жаатында да болушу керек – Атамбаев

Саясат 0

Бишкек, 05.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Сиздердин экономикалык жана саясий жаатта болуп жаткан прогрессивдүү реформаңарды карап отуруп, Өзбекстан Борбор Азиянын бир гана географиялык борбору болбостон, экономиканын жана соода тармагында да борбору болушу керек дегенге ынанып отурам”,-деди президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен болгон жолугушууда.
Атамбаев өз сөзүндө, Өзбекстан Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү менен чектеше тургандыгын айтты.
“Бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жаңы доорун ачат. Президент болгондон кийин сиз бир жылдан аз убакытта эле бардык коңшу өлкөлөр менен болгон мамилени түп тамыры менен өзгөрттүңүз. Бул Борбор Азиядагы саясий кырдаалга оң таасирин берди”,-деди Атамбаев.
КР президенти эске салып кеткендей, бир кездери Кыргызстан менен Өзбекстан бир мамлекет – Кокон хандыгы болгон. 1991-жылга чейин эки өлкө ортосунда чек ара болгон эмес.
Өз кезинде Шавкат Мирзиеев жылуу тосуп алгандыктары үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.
Өзбекстандын президенти өз сөзүндө, эл азыркыга чейин Андижанга же Ошко мурдагыдай тоскоолдуксуз бара тургандыктарына ишене албай турушкандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий