• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Өзбекстан чек арасын жабат! Түнкү саат 12ге чейин жарандар чыгып кетүүгө үлгүрүшү керек

Коом 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Бүгүн түнкү саат он экиде кыргыз-өзбек чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттерин Өзбекстан тарап белгисиз мөөнөткө жабат. Бирок транзиттик каттамдар токтобойт. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 22-мартта коңшу Өзбекстандын бийлиги чек арасын жаба турганы боюнча расмий маалымат жиберишкен. Анда коронавирус илдетине байланыштуу чек араны убактылуу жаап туруу чечими кабыл алынганы маалымдалган.

“Кыргызстанда жүргөн Өзбекстандын жарандары өз өлкөсүнө, ал жакта жүргөн биздин жарандар биз тарапка өтүүгө жетишүүлөрү керек”, - деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы "Баймак", Ноокендеги "Маданият" чек ара бекеттеринен эч кандай унаалар өтпөйт, жөө адамдар өтүп келген.

Пикир

Оставить комментарий