• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан чет өлкөдөгү жарандарын алып келүү үчүн уюштурулган чартердик каттамдарды азайтты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.07.20 /Кабар/. Өзбекстандын Транспорт министрлиги чартердик каттамдар токтотулгандыгы тууралуу социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөрдү четке какты.

Мекеменин расмий сайтында каттамдар токтотулбаганы, болгону убактылуу алардын саны кыскартылганы белгиленген.

«Өлкөдө эпидемиологиялык абалдын жакшырышы менен суроо-талап жогору болуп жаткан багыттар боюнча каттамдардын саны кайра көбөйтүлөт», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Жаңы жадыбалга ылайык, каттамдар 10-июлдан 19-июлга чейин төмөнкүдөй тартипте аткарылат:

  • 10-июль Сеул — Ташкент — Сеул (Korean airlines)
  • 12-июль Санкт-Петербург — Ташкент — Санкт-Петербург (Rossia)
  • 13-июль Сеул — Ташкент — Сеул (Asiana airlines)
  • 13-июль Ташкент — Москва — Ташкент (Uzbekistan Airways)
  • 15-июль Москва — Ташкент — Москва (Ural airlines)
  • 16-июль Стамбул — Ташкент — Стамбул (Turkish airlines)
  • 16-17-июль Ташкент — Нью-Йорк — Ташкент (Uzbekistan Airways)
  • 19-июль Ташкент — Владивосток — Ташкент (Uzbekistan Airways)

Пикир

Оставить комментарий