• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өзбекстан чет өлкөлүк жарандардын виза мөөнөтүн 1-ноябрга чейин узартты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Өзбекстандагы чет өлкөлүк жарандардын визасы автоматтык түрдө 1-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик туризм комитети билдирди.

Маалыматта бул жарандардын виза мөөнөтү өтүп кетсе, айыппулга жыгылбай турганы белгиленген.

Өзбекстан 16-мартта чет мамлекеттер менен темир жол жана аба каттамын токтоткондон кийин чет өлкөлүк жарандарга берилген визанын мөөнөтү бир нече жолу узартылган.

Пикир

Оставить комментарий