• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан чет өлкөлөрдөн 39 миң жаранын алып келди. Дагы 12 миң адамды алып келүүнү пландоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.05.20 /Кабар/. Өзбекстан чет өлкөлөрдөн 39 миң жаранын алып келди. Дагы 12 миң адамды алып келүү пландалууда. Бул тууралуу Podrobno.uz. порталы маалымдайт.

“Илдет менен күрөшүү менен бирге биз чет өлкөдөгү жарандарыбызга да кам көрүүдөбүз. Бүгүнкү күнгө карата 39 миң мекендешибиз өлкөгө алынып келди. Ошондой эле чет өлкөдө оор кырдаалга кабылган дагы 12 миң жаранды алып келүү боюнча чаралар көрүлүүдө”, - деп билдирген Шавкат Мирзиеёв жыйындын жүрүшүндө.

Эскерте кетсек, мурдараак белгилүү болгондой Россиядан 55 миңден ашык өзбекстандык алып кетүүнү суранышкан.

Uzbekistan Airways жарандарды чет өлкөдөн алып келүү боюнча чартердик каттамдардын программасын баштады. Бүгүнкү күндө 24-майга чейинки чартердик каттамдардын графиги жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий