• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстан эки жылдын ичинде толугу менен латын арибине өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. 2023-жылдын 1-январынан тартып Өзбекстандагы бардык мекемелерде иш кагаздары латын арибиндеги өзбек тилинде жүргүзүлө баштайт. Өкмөттүн тиешелүү токтому 10-февралда кабыл алынды.

Документте өзбек тилин толук латын арибине өткөрүү тууралуу нормативдик-укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу жана өзбек тилинин жазуу эрежелеринин жаңы редакциясын түзүү каралган.
Токтомго ылайык, «Өзбек тилинин орфограциялык эрежелери тууралуу» өкмөттүн токтому латын арибиндеги өзбек алфавитинин жаңы редакциясынын негизинде иштелип чыгышы керек.

Өлкөнүн Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, мындан тышкары акырындык менен латын арибинин негизиндеги өзбек алфавитине өтүү тууралуу «жол картасы» бекитилди. Анда расмий веб-сайттарды, адамдын тек-жайы көрсөтүлгөн документтерди, ID-карталарды, иш кагаздарын, бланктарды, жерлердин, көчөлөрдүн, уюмдардын аталыштарын, жарнамаларды жана жарыяларды толук жаңы түзүлгөн арипке өткөрүү каралган.

Мындан тышкары, бардык борбордук жана жергиликтүү маалымат каражаттары, сайттар, басылмалар жана басмаканалар толугу менен латын арибине өтүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий