• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстан Франция жарандарына визасыз режим киргизди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. 5-октябрдан тарта Франция жарандары Өзбекстан аймагында 30 күн визасыз жүрө алышат. Тиешелүү жарлыкка 4-октябрда Шавкат Мирзиёев кол койду.

8-9-октябрда Өзбекстан президенти Эммануэл Макрондун чакыруусу менен Францияга барат.

Маалыматтарга караганда, Өзбекстан президентинин жарлыгы Өзбекстан менен Франция ортосундагы мамилелердин өнүгүшү үчүн жагымдуу шарт түзүүгө, инвестициялык климатты жана туристтик потенциалды жакшыртууга багытталган.

Өзбек ММКлары Өзбекстанга Франциядан келген туристтердин саны жыл сайын артып баратканын билдиришүүдө. Эгер 2016-жылы алардын саны 4889 киши болсо, 2017-жылы 5748 кишини түзгөн.

2018-жылдын 8 айында Өзбекстанга Франциядан 9172 турист келген.

Пикир

Оставить комментарий