• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан гидроэнергетиканын өнүгүшүнө миллиарддаган доллар бөлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21-июнь /Кабар/. Ислам Каримовдун тушунда суу долбоорлоруна каршы чыгып келген Өзбекстан гидроэнергетиканын өнүгүшү үчүн 4,3 миллиард доллар жумшоого ниеттенүүдө.

Июндун башында Мирзиёев гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча токтомго кол койгон. Бул программага ылайык, Өзбекстан 2021-жылга чейин 18 жаңы ГЭС курууга жана гидроэлектр станцияларын жаңылоо боюнча 14 долбоорду ишке ашырууга ниеттенүүдө. Алардын жалпы суммасы 2,65 миллиард долларга тете.

Майда Шавкат Мирзиёев Сырдарыя облусуна барып, ал жакта 15 МВт кубаттуулуктагы кичи ГЭС куруларын айткан.

Мамлекеттик программага ылайык, гидроэнергетикалык долбоорлор бүткөндө энергобаланстагы гидроэнергетиканын үлүшү 15,8 пайызды (учурда 12,7 пайыз) түзөт.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов Тажикстандагы Рогун ГЭСинин, Кыргызстандагы “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна каршы чыккан. Шавкат Мирзиёев азырынча бул долбоорлор тууралуу көз карашын билдире элек.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий